Редакцияот 08.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Талды-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

 

2018-жылдын 08-октябры №13/3

Коочулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосу АРИС тарабынан сатылып алынып келинген Фронтальный погрузчик XCMG-LW500FN ковшанын көлөмү Н/Усм3 техникасына үч тараптуу алкактык келишимдин шарттарына ылайык акчалай каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүгүнө ылайык Талды-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл өкмөтү жана АРИС менен алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган Фронтальный погрузчик XCMG-LW500FN ковшанын көлөмү Н/У см3 техникасын сатып алуу үчүн, “Стройдормашсервис” жоопкерчилиги чектелген коомуна 3 580 000 (үч миллион беш жүз сексен миң) сомдук техниканы мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамында көрсөтүлгөндөй, тендердик жоопкерчиликти АРИС өткөргөндүктөн айыл өкмөт тарабынан төлөнүүчү өздүк каражатынын 25%ын 895 000 (сегиз жүз токсон беш миң) сом акча каражатын “Стройдормашсервис” жоопкерчилиги чектелген коомуна жергиликтүү бюджеттин эсебиен 706 бөлүмдүн 3112 беренесинен түзүлгөн келишимдин негизинде которулуп берилсин.

2. Үч тараптуу алкактык келишимдин негизинде жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын “Стройдормашсервис” жоопкерчилиги чектелген коомуна которуп берүү жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн каржы үнөмдөө бөлүмүнүн башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айыл өкмөтунүн башчысы Д.Кеңешовго тапшырылсын.

 

Тѳрайым

Э.Эргешбаева