Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №16/2
Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 17-беренесинин 3-пунктуна ылайык Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 15 703,0миң сомго анын ичинен өздүк киреше 8 630,1 атайын каражаттар 137,6 миң сомго,республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар (средства передаваемые) 1 380,6 миң сомго,өткөн жылдан калган калдык 5 554,7 жана чыгаша бөлүгү 14 020,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 16 183,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 14 711,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленси.
3. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 12 926,7 миң сомго,анын ичинен өздүк киреше 12 926,7 миң сомго (анын ичинде атайын каражаттар 121,0 миң сом) бекитилсин.
4. 2020-жылга жергиликтүү бюджеттен киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 12 542,1 миң сомго,анын ичинен; теңдөөчү грант 218,4 миң сом,өздүк киреше 12 323,7 миң сомго (анын ичинде атайын каражаттар 121,0 миң сом) 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 12 703,9 миң сомго анын ичинен; теңдөөчү грант 1 403,2 миң сом,өздүк киреше 11 300,7 миң сомго (анын ичинде атайын каражаттар 121,0 миң сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.
5. Талды-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу,отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Арча-Булак айылына спорт зал куруу үчүн акча каржаты бөлүнүп,сметага бекитилип берилсин.
7. Айыл өкмөттүн Арча-Булак айылына 1 (бир) штат бирдигине айыл башчы жана айыл өкмөтүнө 1(бир) штат бирдигинде ВУС инспектору штаттык расписаниесине бекитилип берилсин.
8. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.
Тѳрайым | Э.Эргешбаева |