Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 4
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жанылоо үчүн шаар мэриясы тарабынан өздүк салым ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жанылоо үчүн шаар мэриясы тарабынан өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин чатырын мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен жанылоого 812 000 сом акча каражаты өздүк салым үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин эсебинен ажыратып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |