Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №11/1
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын № 22- “Депутаттык кызматын башка кызматтар менен айкалыштыруунун мүмкүн эместиги жөнүндөгү” беренесинин 5-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык жана сегиз мандаттуу 1-Май шайлоо округунун депутаты Мойдунова Айсулуу Мамасадыковнанын муниципалдык кызматка жумушка киргендигине байланыштуу депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү арызын угуп Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа айылдык кенешинин сегиз мандаттуу 1-Май шайлоо округунун депутаты Мойдунова Айсулуу Мамасадыковна Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө социалдык иштер боюнча башкы адиси муниципалдык кызматка жумушка киргендигине байланыштуу депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Сегиз мандаттуу 1-Май шайлоо округунан, шайлоодо көп добуш алган депутатты каттап берүү жагы Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исраилов Мирбек Акбаровичке тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Саипов |
|
|