Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №11/2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде жана айылдык кенешинин 06.03.2018-жылдагы № 6 / 15 “Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2018-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 651.960 сомго жана чыгаша бөлүгү 651.960 сомго бекитилсин.
2. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетине Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) бюджетинин киреше бөлүгү 651.960 сомго жана чыгаша бөлүгү 651.960 сомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) бюджетинен Кара-Кулжа айыл өкмөтүнун бюджетине калуучу 1/ 3 бөлүгү жайыттарды жана жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга берилсин.
4. Жайыт акыларды толугу менен топтоо, максаттуу пайдалануу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) төрагасы А.Жумабаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жаанбаев Тургунбайга тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Саипов |
|
|