Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №11/3
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 2 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” жана 3 “ Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин социалдык-маданий, билим берүү спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин 17.10 2018-жыл № 7 “Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жыл бюджетинин 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышынын абалы жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетинин 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын абалы айрым кемчилдиктер менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Кара-Кулжа айылындагы Ч. Пазылов көчөсүнө тратуарга брусчатка (төшөлгөн жол) орнотууга ОсОО “Ак-Жол Строй-Нур” ишканасы менен 922.000 (тогуз жүз жыйырма эки мин) сомго келишим түзүлүп, келишимде көрсөтүлгөн убакытта жумуш өз убагында аткарылбагандыгы көрсөтүлсүн.
3. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетинде таза-суу резервуарларын тазалап айланасын тосууга бөлүнгөн 1.000.000 (бир миллион) сом акча каражаты “Кара-Кулжа Таза-Суу” МИ ишканасы менен келишим түзүлүп акча каражаты которулуп, максаттуу иштетилбегендиги эске алынсын.
4. Айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн аткарууда Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Турдубай уулу Тилекке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетинин төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Саипов |
|
|