Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №11/4
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесинин 2 “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биймырза айылына курулуп жаткан таза-суу топтоочу цестирна көлөмүн орнотуп , Э.Жээнбеков атындагы көчөсү менен А.Бостаев атындагы көчөсүнө 90-труба тартып, калкты таза-суу менен камсыз кылууга, айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 250.000 (эки жүз элүү мин) сом акча каражаты, айыл өкмөттүн 2018-жылгы карата түзүлгөн бюджетиндеги Биймырза айылына бөлүнгөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражаты “Кара-Кулжа Таза-суу” муниципалдык ишканасына субцидия катары которулуп берилсин жана ишти сапаттуу бүткөрүлүшү “Кара-Кулжа Таза-суу” муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Абдилкадыр уулу Биймырзага жүктөлсүн.
3. Кара-Кулжа айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Саипов |
|
|