Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №11/5
Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенешинин 17.08.2017-жыл № 3 \ 4 “Кара-Кулжа айылындагы көрүстөн жер аянты толуп калгандыктан, Кара-Кулжа айылында жайгашкан Тынчтык (мурунку Парк-Мира) атындагы бактын түштүк- батыш тарабындагы 30 жылдан бери суу чыкпай бактары куурап, пайда бербей калган тарабынан 3.0 га көп жылдык бак дарактар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоо) жогорку органдарга сунуштоо жөнүндөгү” токтомунун мыйзамдуулугун кароо жагы Кара-Кулжа айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исраилов Мирбекке жүктөлсүн.
2. Айылдык кенешинин 17.08.2017-жыл № 3 \ 4 токтомунун мыйзамдуулугунун жыйынтыгы боюнча сессияга маалымат берүү жагы Кара-Кулжа айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исраилов Мирбек Акбаровичке тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Саипов |
|
|