Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №11/6
Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгү” кодексинин талаптарын жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 12.10.2018-жыл № 3 / 1 “Жергене учаскасынын батыш тарабында жайгашкан Шамшиев Аман-Алинин, Маткеримова Ырысбүнүн жана Сулайманов Токтомураттын жалпы кайракы 1.45 га үлүш жер аянтын көрүстөн багытында пайдаланууга алып жаткандыгына байланыштуу , айыл өкмөттүн мамлекеттик фондусунун жер аянтынан үлүш жерлерин алмаштыруу жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергене учаскасынын батыш тарабында жайгашкан Шамшиев Аман-Алинин, Маткеримова Ырысбүнүн жана Сулайманов Токтомураттын жалпы кайракы 1.45 га үлүш жер аянтын көрүстөн багытында пайдаланууга алып жаткандыгына байланыштуу , айыл өкмөттүн мамлекеттик фондусунун жер аянтынан үлүш жерин алмаштырууга жер бөлүнүп берилсин.
2. Үлүш жер ээлери Шамшиев Аман-Алинин, Маткеримова Ырысбүнүн жана Сулайманов Токтомураттын үлуш жерлерин алмаштырууга макулдук каттары эске алынсын.
3. Үлүш жер ээлери Шамшиев Аман-Алиге, Маткеримова Ырысбүгө жана Сулайманов Токтомуратка айыл өкмөттүн мамлекеттик фондусунун жер аянтынан үлуш жерин алмаштырууга жер бөлүп берүү жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге милдеттендирилсин.
4. Жер аянтын убактылуу алмаштырып берүү боюнча тийиштүү документтерин жана бөлүнгөн жер аянтынын укук берүүчү документтерин даярдоого акча каражатын чечип берүү жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жаанбаев Тургунбайга тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Саипов |
|
|