Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №11/7
Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” Кодексинин 4-беренесинин 3 -“Айылдык аймактын чектериндеги жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелиниши жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жана 2 жер учаскасын берүү жөнүндөгу главанын 25 беренесинин 1 “Жер участогун жеке жана юридикалык жактарга жеке менчике же пайдаланууга берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Кодексте белгиленген тартипте акысыз же акы алуу негизинде жүргүзүлөт” бөлүкчөсүн жана 2 ”Жер участоктору мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөзстөн) мүлк чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларга, коомдук бирикмелерге коомдук фондуларга, диний уюмдарга берилет. Башка жеке жана юридикалык жактарга жер участокторун менчике же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет” бөлүкчөсүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айылдык Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 12.10 2018-жылдагы 3/ 2 чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 29 кесиптик лицейинин жер аянтынан бала бакча жана мечит куруу үчүн 0,30 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. № 29 кесиптик лицейинин 05,09,2018ж. № 15-протоколунун жанан Каракулжа айыл өкмөтүнүн № 01-14/295б сунушунун негизинде, Бала бакча жана Мечит куруу үчүн 0,30 га жер аянты бөлүп берилип жатканына байланыштуу № 29 Кесиптик лицейге практикалык-өндүрүштүк багытта мөөнөтсүз пайдаланууга мамлекеттик фондунун жеринен 0.90 га жер бөлүнүп берилсин.
3. № 29 Кесиптик лицейге практикалык-өндүрүштүк багытта мөөнөтсүз пайдаланууга мамлекеттик фондунун жеринен 0.90 га жер аянтын бөлүп берүү жана жаны документтерди даярдоого акча каражатын чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
4. Практикалык-өндүрүштүк багытта мөөнөтсүз пайдаланууга мамлекеттик фондусунан бөлүнгөн жер аянтында жайгашкан таза-суу трубаларын ондоо учурунда шартарды түзүү жагы № 29 Кесиптик лицейдин жетекчилигине тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жаанбаев Тургунбайга тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Саипов |
|
|