Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №11/8
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин, 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жонундо» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 “Тиешелуу аймактын социалдык-маданый инфраструктурасын онуктуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизуу жонундогу” болумчосуно ылайык жана депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим беру, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 17.10.2018-жыл № 7 “Кара-Кулжа айыл окмотунун 2018-жыл бюджетине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылындагы Б. Эшмамбетов орто мектебинин стадион тарабын 150 (жуз элуу) метр аралыкка тосмо курууга 2018-жылдын бюджетинде каралган Кара-Кулжа айылына ички арыктарга латок койдурууга болунгон акча каражаттан 100.000 (жуз мин) сом акча каражаты болунуп берилсин.
2. Балдар өспурумдор дене-тарбия клубунда машыгып жаткан окуучуларга спорт форма жана спорттук инвентарлар менен камсыздоого 2018-жылдын бюджетинде каралган Кара-Кулжа айылына ички арыктарга латок койдурууга болунгон акча каражаттан 50.000 (элуу мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Кара-Кулжа айылындагы “Мээрим” мектепке чейинки билим берүү уюмуна навес салууга, инвентар алууга жана күз-кыш мезгилдерине таш көмүр сатып алууга 2018-жылдын бюджетинде каралган Кара-Кулжа айылына ички арыктарга латок койдурууга болунгон акча каражаттан 128980 (жуз жыйырма сегиз мин тогуз жуз сексен) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Кара-Кулжа айыл аймагындагы Бел участкасында жаныдан уюшулуп жаткан корустондун айланасын тосууга 2018-жылдын бюджетинде каралган Кара-Кулжа айылына ички арыктарга латок койдурууга болунгон акча каражаттан 250000 (эки жуз элуу мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Кара-Кулжа айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим беру, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык онугуунун болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Саипов |
|
|