Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) I сессиясы
2017-жылдын 30-январы № 3/5
Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл–Кыя шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 3–бөлүгүнүн 1)–пунктуна, 43–беренесинин 3–жана 4–бөлүктөрүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017–жылдын 14–январындагы №10 токтомуна, ал токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графигине” ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Кызыл–Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2017–жылдын 30–январындагы Баткен областынын Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.
2. Ушул токтомдун бир нускасы Кызыл–Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Төрайым | У. Дарипова |