Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №11/9
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин, 3 “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” бөлүмчөсүнө ылайык жана Кара-Кулжа айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 17.10.2018-жыл № 7 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө салык агенти төлөөчү киреше салыгынан (подоходдон) түшүүчү 2.300.000 сом жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыдан түшүүчү 11.037.000 сом акча каражатын кыскартуу жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинен суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Саипов |
|
|