Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №11/10
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31 -беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тарибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын "Жер жөнүндөгү” кодексинин 20-беренесинин, 12-бөлүкчөсүнүн талаптарына ылайык баалуу айыл чарба жерлерин башка категорияга которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктарына киргендигин эске алып жана айылдык кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 16.10.2018-жылдагы № 4 / 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары-Камыш айылына таза-суу топтоочу жай (водозабор) курууга, Сары-Камыш айылында жайгашкан Коо учаскасындагы 0.40 га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоо) жогорку органдарга сунуштоо жагы Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Жер аянтын бир категориядан башка категорияга (трансформациялансын) которуу боюнча тийиштуу документтерин жана бөлүнгөн жер аянтынын укук берүүчү документтерин даярдоо жагы Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жаанбаев Тургунбайга тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Саипов |
|
|