Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-октябры №11/12
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Исраилов Мирбектин билдируусун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ош-3000” базарынын жеринин мыйзамдуулугун кароо боюнча төмөндөгү жумушчу курам бекитилсин:-
1. Аматбек уулу Сүймөнкул- Кара-Кулжа айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, жумушчу курамдын төрагасы.
2. Кадыр уулу Тыныбек- айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси, жумушчу курамдын төрагасынын орун басары.
3. Бактыбек уулу Эрмек- айыл өкмөтүнүн юристи, жумушчу курамдын катчысы.
жумушчу курамдын мүчөлөрү:-
4. Т.Жаанбаев:- айылдык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
5. Б.Жээнбеков- айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
6. Э.Абдраев- райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарын каттоо
башкармачылыгынын башчысы.
7. Бообеков Болот- райондук мамлекеттик нотариус.
8. Жоржоев Нуркамил:- жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун айылдык кенешинин депутаты.
9. Акин уулу Асан:- жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунун айылдык кенешинин депутаты.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кара-Кулжа айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Исраилов Мирбек Акбаровичке тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Саипов |
|
|