Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры №26/1
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2019-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү жана 2020-2021- жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин отчётун, айылдык кенештин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 23215,3 мин сомго, чыгашалар 24079,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2019-жылга Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 22316,3 мин сом, мунун ичинен жергиликтүү салыктан түшүүчү кирешелер 9755,1 мин сом, теңдештирүү грант 12561,2 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2019-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери теңдештирүүчү гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелеринин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Подох. салыгы- 2275,0 миң сом
Патент салыгы- 250,0 миң сом
Кыймылсыз мүлккө салык- 5.0 миң сом
Транспорт салык- 540.0 миң сом
Огород салык- 339.7 миң сом
Айыл чарба жеринен салык- 638,5 миң сом
Айыл чарба эмес багыттагы салык-81,1 миң сом
Сатуудан түшкөн салык- 99,0 миң сом
Роялти- 2902,0 миң сом
Лизенция- 1500,0 миң сом
Жайыт акысы- 315,6 миң сом
ФПС аренда акысы- 114,2 миң сом
Тазалык жыйым- 50.0 миң сом
Атайын каражат- 645.0 миң сом
Баары - 9755,1 миң сом
- теңдештирүүчү грант- 12561,2 миң сом.
Жалпысы- 22316,3 миң сом.
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга чыгымдар бөлүгү:
- башкаруу аппаратына- 14502,7 миң сом.
- агартуу тармагына- 6024,4 миң сом
- маданият тармагына- 1789,2 миң сом.
- экономикалык маселе (жайыт) - 315,6 миң сом
Баары- 22316,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2020-жылга болжолдуу бюджетинин долбоору киреше бөлүгү 18463,3 мин сом жана чыгымдар бөлүгү 18463,3 миң сом суммасында, о.э. 2021-жылга киреше бөлүгү 18463,3 миң сом жана чыгымдар бөлүгү 18463,3 миң сом суммасында бекитилсин.
4. 2019-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнүн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы салык инспекторлор К.Абдраимова, Ж.Дүйшөкулова, А.Касмалиева жана Ж.Рамановаларга тапшырылсын.
5. Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү комитетине тапшырылсын.
Тѳрага | А.Өмүров |
|
|