Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы №27/1
Кум-Дөбө айыл аймагындагы айылдарда 1996-жылдан 2009-жылга чейин сугат айдоо жерлерин калктуу конуштарды кеңейтүү, там салуу үчүн мораторий жарыялаганга чейин жерлер бөлүнгөн. Ушул бөлүнгөн сугат айдоо жерлердин башка категориясына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоо) иштерин карап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагы төрт айылдан турат. Кум-Дөбө, Бугучу, Шамшы, Ак-Жар айылдары болуп. Кум-Дөбө айылында “Жээк” участкасы 20 га контур 1159, “Рысбек” участкасы 68,80 га контур № 1192-1354, участок “Тегирмен” участогу 8 га контур № 1393, участок “Курулуш гараж” 8 га контур 1384, участок “ДЭУ” 12.50 га контур № 1168, участок “Ак-Таш” 2 га контур № 1132 участок, “Төрт-Күл” 18,47 га контур 1726, участок “Кара-Бак” 5,7 га контур 1726. Бугучу айылында участок “Канал асты” 30 га контур 1676, Шамшы айылы боюнча участок “Мектеп” 5,90 га контур № 699, участок 14,60 га контур № 758, участок “Билал” 9,70 га контур № 1156 , участок 6 га контур 1012, Ак-Жар айылында участок Чолпонкул 16 га контур № 1806.
Жалпы Кум-Дөбө айыл аймагы боюнча 225, 67 га жер, айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери жердин башка категориясына жана түрлөрүнө (трансформациялоого) берилсин.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы сугат айдоо жерлердин жарактуу жерлердин башка категориясына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоо) иштерин жүргүзүү боюнча түзүлгөн Кочкор райондук комиссиясына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык реформа боюнча комитетине тапшырылсын.
Тѳрага | А.Өмүров |
|
|