Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы №27/2
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылына 100 (жүз) орундуу бала бакча куруу долбооруна өздүк салым кошуу жөнүндө айылдык кеңештин депутаты экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ыбышовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шамшы айылына 100 (жүз ) орундуу бала бакча куруу долбооруна Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1.000 000 (бир миллион сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул каражатты бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Тѳрага | А.Өмүров |
|
|