Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы №2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы 30-декабрындагы №767 токтомуна ылайык облустук маанидеги шаарлардын мэрияларына 3 кызматтык (нөөмөттүк) автоунаа каралган жана 10 жылдан ашык убакыт пайдаланган автоунааларды сатып алууга тыюу салынган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы 30-декабрындагы №767 токтомуна жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна бир автоунаа сатып алууга жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 750,0 (жети жүз элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Нарын шаардык мэриясынын нөөмөттүк кызматтык пайдалануусуна автоунаа сатып алууга акча каражатын Мыйзам талаптарына ылайык каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Ботоканов |
|
|