Загрузка документа…
ОН-ЭКИ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-декабры №15-4
Он Эки Бел айыл аймагында мектепке чейинки балдардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу боюнча балдар бакчаларынын башчыларынын кайрылуу каты жана ата-энелердин чогулушунун протоколу менен таанышып, жана балдар бакчасынын шарттарын карап чыгышып, айылдык кенешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Он Эки Бел айылындагы “Арууке-Пери” жана Нарай айылындагы Ж.Алоудинов атындагы “Жаш жеткинчек “ балдар бакчасына кошумча дагы бирден тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Балдар бакчаларына кошумча дагы бирден тайпаларды ачуу үчүн талапка ылайык бардык керектүү инвентарлар менен камсыз кылуу “Арууке-Пери” балдар бакчасынын башчысы К.Турсунбаевага жана Алоудинов атындагы “Жаш жеткинчек” балдар бакчасынын башчысы Калмат кызы Буанарга милдеттендирилет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенешинин тиешелуу туруктуу комиссиясына тапшырылат.
Тѳрага | Д.Кантов |