Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу №4-3
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында жаштар саясаты боюнча, спорт жана миграция иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө адис М. Хакимованын маалыматы угулуп, жарыш созго чыккан депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кенеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында жаштар саясаты боюнча, спорт жана миграция иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө адис М. Хакимованын 2018-жылдын жарым жылында алып барган иштери жөнүндө маалымат айрым кемчиликтер менен эске алынсын.
2. Айыл Кенешинин аймагында жаштар менен иштөөдө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатты, коомдук саясий жаңыланууларды жаштар арасында кеңири түшүндүрүү максатында жер-жерлерде тегерек столдорду, диспуттарды уюштуруп, ата-бабалардан калган улуттук спорт оюндарын өткөрүү, жаш үй-булөлөргө моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды беруу жагы колго алынсын.
3. Айылдык Кенештин аймагындагы мектептерде окуучуларды Ата Мекенди сүйүп, анын жан дили менен коргоп, патриоттуулук духунда тарбиялоода мектептин мугалимдер жамааты менен биргеликте «Менин Мекеним», «Мекенди коргоо ыйык милдет», «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» темаларында окуу практикалык семинарларды уюштуруу жаштар, спорт туризм комитетине жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясына жана С.Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөтүлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |