Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу №4-4
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө милициянын ага аймактык тескөөчүсү Р. Аскаровдун маалыматын угуп, талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кенеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында укук коргоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө милициянын ага аймактык тескөөчүсү Р. Аскаровдун маалыматы эске алынсын.
2. Кылмыштуулуктун алдын алууда жер-жерлердеги коомдук уюмдар эсептелген, көчө комитеттери, аялдар кеңеши, аксакалдар соту, жамааттар менен тыгыз байланышта болуп, эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин, профилактиканы күчөтүп, иш алып баруу колго алынсын.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы спирттик ичимдиктерин сатуучу дүкөндөрдүн ээлерине спирттик ичимдиктерди 8.00 дөн 18.00 гө чейин сатуусу белгиленсин. 18.00 дөн кийин спирттик ичимдиктерин сатырбоо жана саткан дүкөн ээлерине катуу чара колдонуу жагы айыл башчыларына, «Сакчы» тобторуна жана аймактык тескөөчүлөргө тапшырылсын.
4. Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түнкү күзөтүү уюштуруп «Сакчы» тобун ишин жандандырып, аларга усулдук жардам көрсөтүү менен жаштар арасында кеңири түшүндүрүү иштерин колго алып, тегерек столдорду, практикалык окуу-семинарларды уюштуруп, аларга адистерди чакыруу менен жаштарды кылмыштуулуктан кайтарууну бардык чараларын көрүү аймактык тескөөчүлөргө, айыл өкмөтүнүн жаштар комитетине тапшырылсын.
5. Айылдык Кенештин аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу, диний-экстремизмге каршы күрөшүү максатында айыл Өкмөтүнүн аймагынан башка мамлекеттерде болуп жаткан согуштарга жаман ойдо чыгып кеткен деп шектелген жарандардын тизмелери такталып, алардын үй бүлөө мүчөлөрү, бир туугандары, ата-энелери жана балдардары менен алдын алуу, бул иштерге каршы күрөшүү боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштерин алып баруу жагы колго алынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин туруктуу комиссиясына жана С.Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |