Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу №4-5
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл Өкмөтүнүн аймагындагы “Зилол суу”, “Бирлик” жана “Торт Таш” ИСКАКБ леринин жетекчилеринин маалыматын угуп, сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы калкты таза ичимдик суу менен камсыз кылууда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча “Зилол суу”, “Бирлик” жана “Торт Таш” ИСКАКБларынын жетекчилеринин маалыматтары эске алынсын жана элди таза суу менен камсыз кылууда кемчиликтер бар экендиги белгиленсин.
2. Айыл Өкмөтүнүн аймагында элди таза ичимдик суу менен камсыз кылууда эски суу түтүктөрүн ремонттоп, айыл тургундарын жалпысынан жүз пайызга таза ичимдик суу менен камсыздоо, жаңы конуштарга суу түтүктөрүн тартууда инвесторлор менен иштөө, элди мобилизациялоо менен иш жүргүзүү ИСКАКБ ларга жүктөлсүн.
3. Таза ичимдик суу сакталуучу обьектилерин (бассейиндерин) айланасын атайын тосмолор менен тосуп, нөмөөтчүлүк уюштурулуп, катуу көзөмөлгө алуу жагы ИСКАКБ башчыларына жүктөлсүн.
4. Таза ичимдик сууга болгон акыны өз убагында жыйноо менен, суу эсептегичтерди орнотуу иштери жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |