Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу №4-6
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы күздүк дан эгиндерин коромжусуз өз мөөнөтүндө оруп, жыйноо жана бошогон жерлерге экинчи эгинди эгүүнү уюштуруу, айыл чарба эгиндерини сугат суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И. Довидовдун маалыматын угуп, талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кенеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы күздүк дан эгиндерин коромжусуз өз мөөнөтүндө оруп, жыйноо жана бошогон жерлерге экинчи эгинди эгүүнү уюштуруу, айыл чарба эгиндерини сугат суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И. Довидовдун маалыматы эске алынсын.
2. 2018-айыл чарба жылына карата айыл өкмөтүнүн аймагында эгилген күздүк дан эгиндерин коромжусуз өз мөөнөтүндө оруп, жыйналгандыгы белгиленсин жана келерки жылга карата күздүк дан эгиндерин аянтын көбөйтүү боюнча иш чараларды жүргүзүү колго алынсын.
3. 2018-айыл чарба жылынын экинчи жарым жылдыгында дыйкан фермер чарбаларга экинчи экинге эгилген эгиндерден мол түшүм алуу үчүн агротехникалык эрежелерге көңүл буруп, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден асроону, сугат суудан үнөмдүү пайдалануу ыкмаларын колдонууну уюштуруу айыл Өкмөтүнүн тийиштүү кызматчыларына жүктөлсүн.
4. Айыл чарба эгиндеринин вегетация мезгилинде сугат суудан үнөмдүү пайдалануу менен, дыйкан фермер чарбаларды сугат суу менен өз убагында камсыз кылуу айыл Өкмөтүнүн аймагындагы “Обу-Хает”, “Нооруз”, “Тебат” АВПларына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |