С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы
2018-жылдын 25-июлу №4-9
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Нурилло Хабибиллаевичтин арызы жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Нурилло Хабибиллаевичтин Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 564,2 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн курулуштук багытын өзгөртүп, балдар бакчасы курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүнүн тургуну Юлдашев Нурилло Хабибиллаевичтин Араван айылынын С. Юлдашев көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 564,2 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн курулуштук багытын өзгөртүп, балдар бакчасы курууга макулдук берилсин.
2. Юлдашев Нурилло Хабибиллаевичтин 564,2 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн курулуштук багытын өзгөртүп, балдар бакчасы куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |