Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу №4-13
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүнүн тургуну Ахмедов Элдорбек Мухтординовичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1085 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн 800 м2 жер аянтын курулуштук багытын, соода, унаа тететиктерин сатуучу жана унааларды техникалык тейлөө дүкөн куруу багытына өзгөртүүгө уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ
1. Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдуллаев көчөсүнүн тургуну Ахмедов Элдорбек Мухтординовичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1085 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн 800 м2 жер аянтын курулуштук багытын, соода, унаа тететиктерин сатуучу жана унааларды техникалык тейлөө дүкөн куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ахмедов Элдорбек Мухтординовичтин Араван айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан жеке менчик 1085 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн 800 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп, соода, унаа тететиктерин сатуучу жана унааларды техникалык тейлөө дүкөнү куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |