Редакцияот 25.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

С.Юсупов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы

 

2018-жылдын 25-июлу №4-17

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Кадыров Кабулдын арызы жөнүндө

 

Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Кадыров Кабулдын өзү жашап жаткан жеке менчик турак үйүнүн бир бөлүгүн курулуштук багытын өзгөртүп, соода дүкөнү курууга жана үйдүн алдындагы бош турган жерге навес куруп мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүнү сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жана 77-беренесин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат

ТОКТОМ

1. Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Кадыров Кабулдын өзү жашап жаткан жеке менчик турак үйүнүн бир бөлүгүн курулуштук багытын өзгөртүп, соода дүкөнү курууга жана үйдүн алдындагы бош турган жерге навес куруп мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Кадыров Кабулдын турак үйүнүн бир бөлүгүн курулуштук багытын өзгөртүп, соода дүкөнү куруу жана үйүнүн алдындагы бош турган жерге навес куруп мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

К.Нарматов