С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы
2018-жылдын 25-июлу №4-18
С. Юсупова өкмөтүнүн Октябрь айылындагы “Бүчүр” МЧББ уюмунун жетекчиси Г. Ибрагимованын сураныч катын кароо жөнүндө
С. Юсупова өкмөтүнүн Октябрь айылындагы “Бүчүр” МЧББ уюмунун жетекчиси Г. Ибрагимованын “Бүчүр” МЧББ уюмунун имаратына тийиштүү болгон жер аянтын “Манас” атындагы орто мектептин жер аянтынан ажыратып, чекараларын тактап, мамлекеттик акты алууга макулдук берүүнү суранып жазкан катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ
1. С. Юсупова өкмөтүнүн Октябрь айылындагы “Бүчүр” МЧББ уюмунун имаратына тийиштүү болгон жер аянты “Манас” атындагы орто мектептин жер аянтынан ажыратылып, чекаралары такталып, мамлекеттик акты алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарылышын камсыз кылуу маселеси С. Юсупова айыл өкмөтүнүн жер, агрардык жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановго жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |