Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу №4-19
Айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн №62-үйүнүн тургуну Холматов Косибжан Султановичтин Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү жеке менчик жер семирткичтерди сактоочу кампа багытындагы жалпы аянты 780,0 чарчы метр жер аянтын турак үй багытына өзгөртүп, турак үй курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ
1. Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн №62-үйүнүн тургуну Холматов Косибжан Султановичтин Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү жеке менчик жер семирткичтерди сактоочу кампа багытындагы жалпы аянты 780,0 чарчы метр жер аянтын турак үй багытына өзгөртүп, турак үй курууга макулдук берилсин.
2. Холматов Косибжан Султановичтин жер семирткичтерди сактоочу кампа багытындагы жер аянтын турак үй багытына өзгөртүп, турак үй куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |