С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы
2018-жылдын 25-июлу №4-22
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон №775-контурдагы 13,7 га жана №774-контурдагы 31,4 га кайрак айдоо жерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургундарынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон №775-контурдагы 13,7 га жана №774-контурдагы 31,4 га, жалпысы болуп 45,1 га кайрак айдоо категориясындагы жерди, көп жылдык өсүмдүктөр категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» №145-Мыйзамыны жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон №775-контурдагы 13,7 га жана №774-контурдагы 31,4 га, жалпысы болуп 45,1 га кайрак айдоо категориясындагы жерди, көп жылдык өсүмдүктөр категориясына которууга (трансформациялоо) маакулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнө айыл Өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон №775-контурдагы 13,7 га жана №774-контурдагы 31,4 га, жалпысы болуп 45,1 га кайрак айдоо категориясындагы жерди, көп жылдык өсүмдүктөр категориясына которууга зарыл болгон документтерди даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Тѳрага | К.Нарматов |