С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IV сессиясы
2018-жылдын 25-июлу №4-23
Ош шаарынын Садырбаев көчөсүнүн №104-үйүнүн тургуну Кадирходжаева Абадатхан Курганбаевнанын арызы жөнүндө
Ош шаарынын Садырбаев көчөсүнүн №104-үйүнүн тургуну Кадирходжаева Абадатхан Курганбаевнанын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик турак үй багытындагы 760 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп, курулуш материалдарынын сатуучу соода дүкөнү жана коммерциялык дүкөн курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ
1. Ош шаарынын Садырбаев көчөсүнүн №104-үйүнүн тургуну Кадирходжаева Абадатхан Курганбаевнанын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик турак үй багытындагы 760 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп, курулуш материалдарынын сатуучу соода дүкөнү жана коммерциялык дүкөн курууга макулдук берилсин.
2. Кадирходжаева Абадатхан Курганбаевнанын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик турак үй багытындагы 760 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп, курулуш материалдарынын сатуучу соода дүкөнү жана коммерциялык дүкөн куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жердин курулуштук багытын өзгөртүп берүү жагы сунушталсын. Бирок, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен айыл өкмөтү тарабынан бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |