Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №5-2
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, кышка даярдык көрүү боюнча уюштурулган штабтын башчысы И.Давидовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы социалдык-маданий обөектилерди жана калкты кышка даярдыгын абалы жөнүндөгү штабтын башчысы И.Давидовдун билдирүүсү канаатандырарлык деп табылсын.
2. 2018-жылдын 15-ноябрына чейин айылдык Кеңештин аймагындагы социалдык-маданий обөектилерди жана калкты толук кышка даярдоону камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. 2018-2019-жылдарда айыл Өкмөтүнүн аймагындагы социалдык маданий обөектилеринде жылытуу үчүн иштетилүүчү көмүр, электр энергиясынан үнөмдүү пайдаланууну уюштуруу жана көзөмөлгө алуу кышка даярдык көрүү боюнча штабка милдеттендирилсин.
4. Айылдык Кеңешинин аймагындагы мектептердин от жагуучу казандарын толугу менен ремонттон чыгаруу, сапатуу көмүр менен камсыздоо, көмүр кампасын тартипке келтирүү иштери 15-ноябрь 2018-жылга чейин аяктоо айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы электр мамычаларын толугу менен орнотуу жана мектептерде өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн мектептерди өрт үчүрүүчү атайын жабдуулар (огнетущитель) менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |