Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №5-3
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Базарбаевдин маалыматын угуп, сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салыктарды жана МФ жерлерине таандык ижарага берилген жерлердин ижара акыларын жыйноонун абалы жөнүндө айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Базарбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы юридикалык жана физикалык тараптардан мыйзамда белгиленген салыктардын жана ижара акыларын өз убагында жыйноону камсыз кылуу үчүн жана МФ жерлерине ижарачылар менен түзүлгөн келишимдин негизинде ижара акыларын өндөрүүдө эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бардык чараларды көрүп, айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүгүн туруктуу болушун камсыз кылуу менен чыгаша бөлүгүндөгү сарпталуучу каражаттарды даректүүлүгүн жөнгө салуу айыл өкмүтүнүн ФЭБнө жүктөлсүн.
3. Айылдык өкмөтүнүн аймагындагы салыктарды өндүрүүдө кеңири түшүндүрүү иштерини жүргүзүү менен салык инспекторлоруна көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн аппарат кызматчыларыны зарыл болгон учурда пайдалануу айыл өкмөтүнө сунуш кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнүн ФЭБнө (Р. Базарбаев) жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |