Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №5-4
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө болгон (электроэнергиясынан, соц.фондко, жергиликтуу салыкка, ичимдик сууга) карыздарын өз убагында төлөп берүү боюнча айыл Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсү угулуп, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салык жыйноонун абалы жана социалдык төлөмдөргө (соц. фонд, салык, электр энергиясы) болгон карыздарды кыскартуу боюнча айыл Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айыл Өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө (соц. фондго, электр энергиясына, ичимдик сууга) болгон карыздарын 2018-жылдын аягына чейин толугу менен төлөп берүү үчүн бардык финансылык чараларды көрүү жагы ФЭБнө жүктөлсүн.
3. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан жана фермер чарбалардын социалдык фондко болгон карыздарын өз убагында төлөп берүү боюнча иш чараларды уюштуруп, эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |