Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №5-10
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Азизохунов көчөсүнүн тургундары Азизохунов көчөсүнүн тургундагы арыз менен кайрылышкан. Алар арызында Азизохунов көчөсүндө жайгашкан “Агротехсервис” жеке ишканасына оор жүк ташуучу автоунаалар кирип, көчөнүн тургундарына кооптуу абал жаратып жаткандыгына билдиришкен. Андыктан Араван райондук прокуратурасы Азизохунов көчөсүндөгү кооптуу абалды жакшыртуу жана жолду сакталышын, оңдолушун камсыз кылуу үчүн 02.10.2018-жылдагы мыйзам бузуучулукту жоюу жөнүндө №11-1792-18 сандуу сунушту келтирген. Жогорудагы сунушту карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Азизохунов көчөсүндөгү жолго, жолдун абалын эске алуу менен Араван РИИБнын МАИ кызматкерлери менен макулдашып тийиштүү жол белгилерди коюу С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Азизохунов көчөсүнүн жолун ремонттоо жана тратуар куруу С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2019-иш чараларынын планына жана бюджетине киритүү сунушталсын.
3. Токтодун көчүрмөсү Араван райондук прокуратурасына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Тѳрага | К.Нарматов |