Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №5-11
Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн №37-үйүнүн тургуну Ураимжанов Алишер Абдунабиевичтин Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 840 м2 МТМ гаражынын жер участогу багытында жерин, курулуштук багытын турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн №37-үйүнүн тургуну Ураимжанов Алишер Абдунабиевичтин Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүндөгү жеке МТМ гаражы багытындагы менчик жалпы аянты 840 м2 жери айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен турак үй багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |