Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры №5-12
Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №20-үйүнүн №1-батиринин тургуну Хамидова Бахтиерхон Сайибжановнанын өзүнүн жеке менчик жашап жаткан батирине тиешелүү жер тилкесинин бир бөлүгүн курулуштук багытын даарыкана жана медециналык кабинет (врачебный, процедурный) багытана өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызын карап, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтерди үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №20-үйүнүн №1-батиринин тургуну Хамидова Бахтиерхон Сайибжановнанын өзүнүн жеке менчик жашап жаткан батирине тиешелүү жер тилкесинин бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен даарыкана жана медециналык кабинет (врачебный, процедурный) багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |