С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупов айылдык кеңешинин VI чакырылышынын II сессиясы
2018-жылдын 16-марты №2-8
Араван айылынын М. Султанов көчөсүнүн тургуну Турсунов Абдимуталиб Мамуровичтин арызын кароо жөнүндө
Араван айылынын М. Султанов көчөсүнүн тургуну Турсунов Абдимуталиб Мамуровичтин өзү жашап жаткан жеке менчик турак үй багытындагы 793,25 м2 жер тилкесинин бир бөлүгүн жана аталган жердеги курулуштарды С. Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине сатып алып, сатып алынган жердеги курулуштарды маала мечити кылып пайдаланууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардн сунуш, пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Араван айылынын М. Султанов көчөсүнүн тургуну Турсунов Абдимуталиб Мамуровичтин өзү жашап жаткан жеке менчик турак үй багытындагы 793,25 м2 жер тилкесинин бир бөлүгүн жана аталган жердеги курулуштарды С. Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине сатып алып, сатып алынган жердеги курулуштарды маала мечити кылып пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |