Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-марты №2-9
Араван айылынын А. Солиев көчөсүнүн тургуну Умурзаков Умаржон Араббоевичтин Араван айылынын А. Солиев көчөсүндөгү жеке менчик турак үй багытындагы 125 м2 жер тилкесин жана аталган жердеги курулуштарды С. Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине сатып алып, менчигине сатып алып, сатып алынган жердеги курулуштарды маала мечити кылып пайдаланууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардн сунуш, пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Араван айылынын А. Солиев көчөсүнүн тургуну Умурзаков Умаржон Араббоевичтин Араван айылынын А. Солиев көчөсүндөгү жеке менчик турак үй багытындагы 125 м2 жер тилкесин жана аталган жердеги курулуштарды С. Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине сатып алып, сатып алынган жердеги курулуштарды маала мечити кылып пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |