Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-марты №2-10
Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 26.02.2018-жылдагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу таксистерге ыңгайлуу шарттарды жаратып, атайын автоунаа токтоочу жайларды ордун тактап берүү жөнүндө №233 саны менен катталган катын жана Араван-Тепе-Коргон каттамында жүргүнчүлөрдү ташуучу таксичилерди, таксилер токтоп, жүргүнчүлөрдү алуу үчүн автоунаа токточу жайдын ордун тактап берүү жөнүндө Араван районунун прокуратурасына жазган арызын карап чыгып, айылдык Кеңештин депутаттарынын депутаттарынын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн борборунда жүргүнчүлөрдү ташуучу таксичилерди, таксилер токтоп, жүргүнчүлөрдү алуу үчүн төмөнкү автоунаа токточу жайлары белгиленсин:
- Араван-Ош каттамындагы таксичилердин автоунаа токточу жайы - Араван айылынын борборундагы Ибрагим ажынын жеке менчик базарында;
- Араван-Кызыр-Абад, Араван-Чек-Абад каттамындагы таксичилердин автоунаа токточу жайы – «Обуравон» соода магазинин арт жагындагы бош турган жерде;
- Араван-Тоо-Моюн, Араван-Октябрь каттамындагы таксичилердин автоунаа токточу жайы – Райондук маданият үйүнүн арт жагындагы бош турган жерде;
- Араван-Бишкек, Араван-Табачный (М. Султанов көчөсү) каттамындагы таксичилердин автоунаа токточу жайы - Араван районунун мамлекеттик администрациясынын арт жагындагы бош турган жерде;
- Араван-Тепе-Коргон, Араван-Нурабад, Араван-Уч-коприк каттамындагы таксичилердин автоунаа токточу жайы - Араван айылынын борборундагы балдар паркынын бош турган жеринде;
- Араван-Зеленый мост, Араван-Чек-Абад, Араван-Чекара каттамындагы таксичилердин автоунаа токточу жайы - Араван айылындагы Ленин көчөсү, Араван районунун Архитектура жана шаарын куруу башкармасынын административдик имаратынын алдындагы бош турган жерде;
2. С. Юсупова айыл өкмөтү жогоруда белгиленген жерлерде автоунаа токточу жайларды куру үчүн менчик ээлери менен макулдашуусу белгиленсин.
3. С. Юсупова айыл өкмөтү токтомдун аткарылышын камсыз кылуу үчүн токтомдун көчүрмөлөрүн айыл тургундарына жана тийиштүү райондук мамлекеттик ишкана мекемелерге жөнөтүүнү колго алсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл өкмөтүнө (Ш. Файзуллаев) тапшырылсын.
Тѳрага | К.Нарматов |