Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-марты №2-14
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке, юридикалык, мамлекеттик жактардын жеке менчигиндеги жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден сырткары бош турган жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке, юридикалык, мамлекеттик жактардын жеке менчигиндеги жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден сырткары бош турган жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Муниципалдык менчикке кабыл алынган жер тилкелеринин ресстирин иштеп чыгуу С. Юсупова айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановго тапшырылсын.
Тѳрага | К.Нарматов |