Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-марты №2-15
Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн №4-үйүнүн тургуну Абдураупова Мухабат Кадыровнаны Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик кампа багытындагы 279,15 м2 жер тилкесинин бир бөлүгүн максаттык багытын өзгөртүп (перепрофилирования), автомектеп (автошкола) курууга макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн №4-үйүнүн тургуну Абдураупова Мухабат Кадыровнаны Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндөгү жеке менчик кампа багытындагы 279,15 м2 жер тилкеси айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда курулуштук багыты өзгөртүлүп, автомектеп (автошкола) курууга макулдук берилсин.
2. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | К.Нарматов |