Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-марты №2-16
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 05.12.2015-жылдагы 4-чакырык 19-сессиясынын “Мангыт айылынын тургуну Жусупов Тойчубек Аматовичтин Көк-Сарай участкасынан ижарага алган 11,0 га кайрак жердин 0,65 га аянтын скважина орнотуу жана ага тийиштүү курулуштарды куруу үчүн трансформация кылууга уруксат сурап жазган арызы жөнүндө” №19-27 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киритүү боюнча депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин 05.12.2015-жылдагы 4-чакырык 19-сессиясынын “Мангыт айылынын тургуну Жусупов Тойчубек Аматовичтин Көк-Сарай участкасынан ижарага алган 11,0 га кайрак жердин 0,65 га аянтын скважина орнотуу жана ага тийиштүү курулуштарды куруу үчүн трансформация кылууга уруксат сурап жазган арызы жөнүндө” №19-27 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киритилсин.
2. Аталган токтомдун 1-пункту С. Юсупова айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон №49-контурдагы 0,65 га аянты тамчылап сугаруу ыкмасы менен сугат суу чыгаруу үчүн сугат суу топтоочу чоң бочка орнотуу, өндүрүлгөн мөмө-жемиштерди сактоо үчүн чоң кампа (овощехранилища) куруу үчүн транформация кылууга макулдук берилсин деп толукталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Тѳрага | К.Нарматов |