Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-марты №2-17
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар комитетинин башчысы Ж. Мамитовдун айыл өкмөтүнө караштуу болгон алыскы жайыттарга, тактап айткан Ноокат районунун Шаңкол, Арча-Мазар, Кошча, Күндөлүк, Достор ата жана Чөгөм жайыттарына өтө алыста жайгашкандыкдан, аталган жайыттарга баруу үчүн атайын кызматтык автоунаа сатып алуу зарыл экендиги жөнүндө билдирүүсүн жана жайыт пайдалануучулар комитетинин мүчөлөрүнүн 26.02.2018-жылдагы отурумунун токтомун карап чыгып, С. Юсупова айылдык Кенеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2018-2019-жылдардагы бюджетинин эсебинен Жайыт пайдалануучулар комитетине кызматтык автоунаа катары ВАЗ-21214 үлгүсүндөгү “Нива” автоунаасын сатып алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге тапшырылсын.
Тѳрага | К.Нарматов |