Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу №7/2
Жумгал айыл аймагына караштуу, Жумгал айылындагы Сабыр Ата мечитинин жылытуу системасы жок болгондугуна карап, айыл тургундарынын жана айылдын имамы Мусалы уулу Кутмандын ошол айылдагы Сабыр Ата мечитиндеги от казан жараксыз абалга келип калгандыгын угуп, талкуулап канааттандыруу максатында Жумгал айылдык кенештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагынын Жумгал айыл өкмөтүндө 2017-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн каражаттан 2222 статьядан айылдын инфраструктурасын жакшыртууга коюлган 22,000 (жыйырма эки мин) сомду Жумгал айылындагы Сабыр Ата мечитине от казан, табып жазоого материал сатып берүү үчүн которулсун.
2. Жумгал айылындагы Сабыр Ата мечитине от казанды жасоого материалдарды алуу үчүн акча каражатын которуп берүү жагы, Жумгал айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Нуркулов Уланбек Емильбековичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы Капарбеков Сталбек Абдыразаковичке милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Айтбаев |
|
|