Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-декабры №11
Жумгал айыл аймагынын Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын бюджетине ѳзгѳртүү киргизүү боюнча талкуулап Жумгал айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айылдык Кенешинин 06.03.2018-ж № 1\2 токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизилсин.
2. Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн бюджентинен Мыскал Ѳмүрканова атындагы орто мектебине бѳлүнгѳн 2222 1200 статьясындагы 20 (жыйырма мин) сом акча каражатын 2221 статьясына жылдырып, Жумгал райондук жылуулук ишканасына, Мыскал Ѳмүрканова атындагы орто мектептин жылуулук системасынын тех ремонтуна которулуп берилсин
3. Бул токтомдо кѳрсѳтүлгѳн каражатты жылдырууну райондук финансы бѳлүмүнѳн суроо жана которуп берүү жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүнФЭБнүн башчысы У.Нуркуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Исаков Майрамбек Мусаевичке милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Айтбаев |
|
|