НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXIII сессиясы
2017-жылдын 16-февралы № 6
Шаардык мэриянын үчүнчү кабатындагы мансардды бүткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Шаардык мэриянын үчүнчү кабатындагы мансардды бүткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын үчүнчү кабатындагы мансардды бүткөрүү үчүн 701-бөлүмдүн 3111-беренесине 550 000(беш жүз элүү мин) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |