Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры №13
Жумгал айыл аймагынын ҮДТ нун мурунку имаратын капиталдык ремонттон ѳткѳрүү боюнча Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нүн башчысы У.Нуркуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Жумгал айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагынын ҮДТ нун мурунку имаратынын капиталдык ремонтунун ѳздүк салымына акча каражатын, Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылджын бюджетинин үнѳмдѳлгѳн акча каражатынын эсебинен 458 142 (тѳрт жүз элүү сегиз мин жүз кырк эки) сом бѳлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдо кѳрсѳтүлгѳн каражатты которуу райондук финансы бѳлүмүнѳн суроо жана которуп берүү жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нүн башчысы У.Нуркуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Исаков Майрамбек Мусаевичке милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Айтбаев |
|
|