Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-апрели №8/2
Жумгал айыл аймагына караштуу, Жумгал айылына калктын саламаттыгын сактоо калкты заманбап шарттаа тейлѳѳ үчүн Жумгал айылына ҮДТна (ФАПка) имарат курууга жер маселесин чечип берүү үчүн, айылдык кенештин депутаттарына айыл ѳкмѳттүн кайрылуусун угуп, талкуулап канааттандыруу максатында Жумгал айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагына ҮДТна (ФАПка) жаны имарат салуу үчүн Жумгал айылынын муниципалдык менчик жеринен 0,12(он эки) сотых жер бѳлүнүп берилсин.
2. ҮДТна (ФАПка) жаны имарат салына турган жер тѳмѳндѳгү жердин чеги менен аныкталып бѳлүнүп такталып берилсин;
-чыгыш тарабы Курманкожоев Ѳмүрбек Тѳлѳковичтин огорду
- түндүк тарабы эски кампанын бузулган орду
- батыш тарабы Асанова Бурулкан кѳчѳсүнѳн, Имашов Шайлоо кѳчѳсүнѳ кетүүчү ички жол
- түштүк тарабы кулназаров Шайкынын короосу
3. Бул токтомдун аткарылышын жана жердин тиешелүү документтерди бүтүрүү жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы Капарбеков Сталбек Абдыразаковичке милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Айтбаев |
|
|