Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 23-январы №12/1
Жогорудагы биринчи маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга бюджети алымча кошумчалары менен кабыл алынсын.
2. Бюджет боюнча туруктуу комиссия жогоруда белгиленген алымча кошумчаларын тактап чыгып, аткарууга алсын.
3. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген киреше 9253,7 ( Тогуз миллион эки жүз элүү үч миң жети жүз ) сом, Теңдөөчү грант 11944 (Он бир миллион тогуз жүз кырк төрт миң) сом, анын ичинен атайын каржаттан башкаруу аппаратына 289,4 (Эки жүз сексен тогуз миң төрт жүз) сом, балдар бакчасынан ата-энелер төлөмү 884,4 (сегиз жүз сексен төрт миң төрт жүз) сом, жалпысы: 22371,5 ( Жыйырма эки миллион үч жүз жетимиш бир миң беш жүз) сом, жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 30,0 (Отуз миң) сом сумма кошулуп 22401,5 (Жыйырма эки миллион төрт жүз бир миң беш жүз) сом суммасында бекитилсин.
4. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 30,0 (Отуз миң) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 10,0(Он мин) сом айыл өкмөтүнүн бюджетине, ал эми калган 20,0 (Жыйырма миң) сом акча каражаты 704-Бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин.
5. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин Өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөмү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10-тиркемелерге ылайык 22401,5 (Жыйырма эки миллион төрт жүз бир миң беш жүз) сом менен бекитилсин.
7. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга жана 2020-2021-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
8. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн1 пайызга чейинки же болбосо 224 (Эки жүз жыйырма төрт миң) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин110 - беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 400,0 (Төрт жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы У.Ороскуловго милдеттендирилсин.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана каржы» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
13. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
14. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
15. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А.Эшалиев |